Керээз ырлары

Википедия дан

Керээз ырлары – кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы каада-салт ырларынын түрү, өлүм алдындагы адамдын артында калган жакындарына, тууган-туушканына айтылат да, акыл-насааты, арманы билдирилип, балдарын же башка бир кыйбас адамдын табыштоо максатындагы акыркы сөзү билдирилет. Керээз эпикалык оозеки чыгармалардын каармандары тарабынан да ошол чыгарманын ичинде айтылат. Курманбектин досу Акканга, же Жамгырчынын Бөкөйгө Саринжини табыштап айткан керээзи жөнүндө Мисалы,

Алты канат ак ордо
Аркасынан капшырдым.
Алганым Каныш жарымды,
Адыр толгон малымды,
Алтын, күмүш зарымды,
Айры өркөчтүү нарымды,
Урулуу көргөн, багымды,
Угуп тур, Бөкөй, барымды.
Баарын сага тапшырдым.
Артымда калган жетимди,
Бөкөй, өз балаңдай көрүңүз,
Кайгырбасын Саринжи,
Биз тирүү эмес, өлүүбүз.
Карачанын Бермети,
Кайындатып алпарып,
Алып бер жалгыз курдашын,
“Атасы болсо өлгөн” – деп,
Ар ким кастык кылбасын.

 (“Саринжи-Бөкөй”)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]