Кер ѳзѳн
Көрүнүш
Кер ѳзѳн - эл музыканттарынын арасына кеңири тараган кыл кыяк күүлөрүнүн бири. Алардын ичинен Муратаалынын күүсү мазмуну, кѳркѳм каражаттарынын байлыгы менен айырмаланат. Күүдө бирде элдик шаан-шѳкѳт же согуш баяндалса, бирде лирикалуу музыка жаңырат. Азыркы күндө «Кер ѳзѳн» кыргыз эл аспаптар жана эстрадалык оркестрлерде аткарылат. «Кер ѳзѳн» М.Раухвергердин «Чолпон» балетине мотив болуп кирген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4