Кесон-Сити

Википедия дан
Кесон-Сити.

Кесон-СитиФилиппиндеги шаар. Лусон аралынын борбордук бөлүгүндө, Түштүк-Кытай деңизиндеги Манила бухтасынан чыгышта жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2008); калкынын саны жана ээлеген аянты жагынан Чоң Манила конурбациясынын (калкы 11,0 млн) курамына кирген шаарлардын эң ириси. Шаар 1939-ж. негизделген. 1948–76-жылдары өлкөнүн расмий борбору болгон. Жеңил, тамак-аш, химиялык жана металл иштетүү өнөр-жай ишканалары иштейт. Геология илимдери жана тоо иштери бюросу (1898), Вулканология жана сейсмология (1952), Ядро изилдөө институттары (1958), Инновация жана технология региондук билим берүү борбору (1970), 25 университет кампустары, сүрөт галереясы, музей комплекстери бар. Зоопарк жана жапайы табигый паркы уюштурулган. Өлкөнүн 1-президенти М. Л. Кесондун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]