Кеңеш Алиев

Википедия дан

Алиев Кеңеш (1938-жылы туулган, Чүй облусу, Панфилов району, Чолок арык айылы) - хормейстер, профессор (1992), Кыргыз Республкасынын эл артисти (1992). Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974). Фрунзе шаарындагы М. Күрөңкөев атындагы мамлекеттик музыкалык-хореография окуу жайын (1959), Гнесиндер атындагы Москва мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтун (1964) бүткөн. 1964 - 1969-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында хормейстер, 1969-жылдан башкы хормейстер, бир эле мезгилде Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу, хор дирижёру кафедрасынын башчысы. Ал 50дөн ашык опера спектаклдериндеги («Кармен», «Русалка», «Отелло», «Манас») хорлорду жогорку деңгээлде даярдаган. 1975-жылы К. Алиевдин жетекчилиги менен Кыргыз радиосунун хору уюшулган. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]