Кеңкол суусу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кеңкол суусуТалас дарыясынын оң куймасы. Талас районунун аймагында. Узундугу 35 км. Алабынын аянты 406 км2, орточо бийикт. 2540 м. Кыргыз АлаТоосунун батышындагы Башкы-Суу ашуусунан башталып, негизги кырка тоо жана ага жарыш жаткан түштүк тармагы – Кара-Жылга тоосунун ортосу жана агат. Кара-Жылга тоосу жак өндүрү тик. Өрөөнү тепши сымал. Ири куймалары: Ботом-Чал, Жошо, Чокой, Терек, Чачыкей, Коргон-Таш. Көп жылдык орточо чыгымы 2,39 м3/сек, эң көбү 4,14 м3/сек, эң азы 0,77 м3/сек. Суу май – июнь айларында кирип, августта тартыла баштайт. Жаан-чачындан гана куралган суу. Талас өрөөнүнө чыккандан кийин 4 сугат каналына бөлүнөт. Боюнда Таш-Арык, Орто-Арык, АкЖар кыш. жана Манастын күмбөзү жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]