Кеңкол (топоним)

Википедия дан

Кеңкол - топоним.

Манастын ордосу турган жер катары эпосто кеңири кездешет. Географиялык реалияда Талас дарыясынын сол куймасы, Кыргыз Алатоосунун түштүк капталынан агып түшкөн суунун аты. Кеңкол өрөөнү Каражылга менен Кыргыз Алатоолорунун ортосунан орун алган. Анын батыш жагы Канжайлоо, чыгыш жагы Чөңөр ашуусунун батыш жагы менен чектешет. Өрөөндүн уз. 35 чакырым.

Кеңколдун Таласты көздөй имерилишинде Манастын күмбөзү, Кароолчоку турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2