Кең-Көлчүк

Википедия дан

Кең-Көлчүктопоним. Каныкейдин кыз кезинде көңүл ачып, сейил курган жери. Таластан Букарга качып бара жатканда көлчүктүн соолуп калганын көргөн Каныкей Чыйырдыга: «Бу Каныкейдин Кең-Көлчүк, Бадыша гана турган дечү эле. Энеке, балачак оюн салган жер, Балаңыз гана келип күйөөлөп, Береги байкуш жанды Алган жерде тойго тогуз жүз бээ союп, Тогуз кан элин чакырып Токсон күн балбан күрөшүп, Жеңкетайга тогуз төөнүн алтынын бөлгөн жер» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 61 — 62) экендигин айтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4