Кең-Суу вольфрам кени
Кең-Суу вольфрам кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Тескей Ала-Тоонун түштүк капталында, Кең-Суу суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 3300–3750 м бийиктикте. 1985–90-ж. чалгындалып, запасы бекитилген. Кен аймагы жогорку протерозой мезгилинин акиташ, чопо, чополуу сланецтери, кумдук, алевролит, конгломерат, гравелит жана төмөнкү карбон мезгилинин интрузия менен жирелген кумдук, гравелит, алевролит, акиташ, сланец, конгломерат тектеринен түзүлгөн. Интрузия менен жанаша жаткан тектердин контактылары роговикке, скарноидке жана скарнга айланган. Кен вольфрамдуу эки зонага бөлүнөт. Зоналардын узундугу 100–350 м чейин, жантаюсу боюнча – 250 мден 550 мге чейин; калыңдыгы 7ден 150 мге чейин. Зоналардын ичинде узундугу 40–250 м, жантаюсу боюнча 60–460 м, калындыгы 1,25–19,75 м болгон линза сымал руда тулкуларына ажыратылат. Вольфрам триоксидинин орточо өлчөмү – 0,41%. Руданын запасы С1+С2 категориясы боюнча 5846 миң т, вольфрамдын триоксидинин запасы С1+С2 – 29,5 миң т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7