Кең-Суу родонит кени

Википедия дан

Кең-Суу родонит кениЫсык-Көл облусунун Түп районунда, Арал кыштагынан 35–40 км чыгыш тарапта, Көктай тоосунун кырында, Кең-Суу ашуусунан 3 км түндүк батышта. Кен аймагын силур жана карбондо пайда болгон тоотектер түзөт. Родонит тулкулары гранит–порфир жана кварцтуу сиенитдиориттердин роговик же мрамор кабатчалары менен кошулган жерлериндеги скарндарда кездешет. Узундугу 3–5 м келип, өзүнчө бөлүнүп турат. Родониттүү скарндар калыңдыгы 150–170 м, узундугу 550 м келген тилкени түзүп жатат. Родонит кызгылт, ачык кызыл түстү, майда бүртүкчөлүү. Жакшы сайкалданат. Кооз буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]