Кең экрандуу кино

Википедия дан

Кең экрандуу кино – көрүү талаасы чоңойтулуп жана стереофон үн жана тартылган, кеңири экранда көрсөтүлүүчү кино. Кең экрандуу кино тартуу идеясы кинематограф (кыймылдагы объектини жарык, сезгич тасмага тартуучу жана ал сүрөттү экранга көрсөтүүчү аппарат) ойлоп чыгарылгандан башталган. Азыркы Кең экрандуу кинолор ар түрдүү техникалык системалар (анаморфот оптикалуу, узата кадрлуу, кең тасмалуу системалар) жана тартылат. Анаморфот оптикалуу система жана Кең экрандуу кино тартууда кино аппараты анаморфоттук объектив кийгизме жана жабдылат да, объектинин кино кадрдагы сүрөтү горизонталь боюнча «жыйрылат». Кинотасманын өлчөмдөрүн өзгөртпөй туруп, жактарынын катышы 1:2,55 болгон сүрөт алынат. Мындай фильмди экранда көрсөтөрдө кино көрсөткүч аппараттын объективине анаморфоттук кийгизме орнотулат да, тартылганда «жыйрылып» түшкөн сүрөт горизонталь боюнча чоюлуп көрсөтүлөт. Экрандын туурасы 15–22 м болот. Үндү угузуу үчүн үч каналдуу система колдонулуп, 3 же 4 топтон турган күчөтүп сүйлөгүчтөр пайдаланылат.

«Синерама» системасы 1952-ж. АКШда иштелип чыккан. Бул система жана тартылуучу жана көрсөтүлүүчү кинофильмдин ар бир кадры катар коюлган кино тартуучу аппарат жана 35 ммлик үч кинотасмага айрым тартылат. Конструкциясы бири-бирине карата 48о бурч боюнча жайгаштырылат. Бул камералардагы тасма бирдей (синхрондуу) жылдырылат. Фокус жана диафрагма үч объективде бир убакта коюлат. Үч тасманын ар биринен позитив чыгарылат. Кинотеатрдагы атайын конструкциядагы экранга бир маалда айрым үч позитив көрсөтүлөт. «Караш-караш» (режиссер Б. Шамшиев, 1968), «Ак илбирстин тукуму» (Т. Океев, 1984), «Теңир» (Мари де Поншеливил, АКШ жана бирге, 2008), «Уурунун махабаты» (Э. Абдыжапаров, 2009), «Свет аке» (Актан Арым Кубат, 2010), «Аталар керээзи» (Нурбек Эген, 2007) ж. б. фильмдер кең экрандуу форматта тартылган. Кыргызстанда Кең экрандуу кино «Ала-Тоо», «Октябрь», «Россия», «Манас» ж. б. кинотеатрларда көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]