Кийизбаева Лира Сейитбековна

Википедия дан

Кийизбаева Лира Сейитбековна (1938-ж. т., Фрунзе ш.) - пианист, проф. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1998).

  • 5 жашынан педагог Д. Г. Слютовскийден фортепьянодон сабак алган, 6 жашынан балдардын Т. Шубин атындагы музыкалык мектебинен окуган.
  • 1945-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында,
  • 1955-ж. Москвадагы П. Чайковский атындагы консерваторияда окуган.
  • 1961-62-ж. Якутияда, Фрунзедеги М. Күрөнкеев атындагы окуу жайында, балдардын П. Шубин атындагы музыкалык мектебинде,
  • 1973-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун фортепьяно кафедрасында,
  • 1993-ж. Кыргыз улуттук консерваториясында,
  • 1984-86-ж. Казакстандын Темиртау шаарындагы музыкалык окуу жайында педагог. Концерттик программа менен Россияда, Казакстанда, Белоруссияда ж. б. гастролдо болгон.

Кийизбаева педагогдук жана аткаруучулук тажрыйбасын илимий-методикалык иштер менен айкалыштырат. «М. Бурштиндин фортепьянолук музыкасында интернационалдык көрүнүштүн мааниси», «Кыргыз композиторлорунун фортепьянолук ансамбли», «Кыргыз композиторлорунун чыгармаларын фортепьянолук ансамблдештирүүдөгү интерпретациялоонун кээ бир өзгөчөлүктөрү», «Музыкалык мектептерин окуучулары менен иштөөнүн аткаруучулук жана педагогикалык принциптери», Г. Усманова менен бирге «Кыргыз музыкасынын жолун улоочулук жөнүндө», «Адистештирилген фортепьяно кафедрасынын тарыхынан», «Кыргыз композиторлорунун фортепьянолук ансамблинин хрестоматиясы» аттуу эмгектерди жазат.

40-ж. педагогдук иште 6 аспирантты, ондогон жогорку адистеги жаштарды бүтүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.