Кийизбаев Тообай
Көрүнүш
Кийизбаев Тообай (1900, Кемин району, Бейшеке айылы – 1990, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кемин районнундагы «Бейшеке» колхозунда жылкычы болгон. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишип, 1947-ж. 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. 1951–55-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
- Sovetnik Kyrgyzstan, 8 May 1988 Page 2