Кийиз басуу

Википедия дан

Кийиз басуу - жүндөн кийиз даярдоо ыкмасы. Ал кыргыздарда, Евразия талаа көчмөндөрүндө, Тибет, Алтай, Кавказ, Карпат, Балкан, Алдынкы Азия (Иран, Афганистан, Пакистан) тоолуу аймактарынын малчыларында кеңири таралган. Кийизди кошуна жашаган казак, каракалпак жана башка түрк-монгол тилдүү элдер да жасашат. Эң байыркы кийиз жасалгалар Тоолуу Алтайдан (скифтер, б.з.ч.ѴІ-Ѵ кк.) жана Монголия (хуннулар, б.з.ч. ІІ-І кк.) көрүстөндөрүнөн табылган. Кийиз койдун жүнүнөн жасалат. Ага төөнүн, эчкинин жүнү, ири мүйүздүү малдар түлөгөндө түшкөн жүндөр да кошулат. Көчмөндөрдө койдун өзүнүн жүнүнөн жасалган кийиз баалуу эсептелет. Кийиз жасоо бир нече этаптан турат: кургак, күн тийип турган убакта жүндү сабоо менен сабайт; жасала турган өлчөмдө жүндү кабаттап төшөйт жана ага суу же сүзмөнүн сарыккан суусу чачылат. Жумуру жыгачка же жөн эле оролот; сыртынан тери, чий же кездеме оролуп, жип менен таңылат жана эки атчан же эки бет туруп алган адамдар кол менен ары-бери тоголотуп тартышат. Кез-кез ачып сапатын текшерип, кемчилигин түзөп турушат. Майда иштерге керектөөчү кийизди кол менен бастырып алса болот. Кыргыздар кийизден төмөнкү буюмдарды жасашкан: боз үй жабдуулары, кийим, үйдүн ички жасалгалары, идиш-аяк сала турган кап, олтурууга, жаңы туулган малдын астына төшөлүүчү, ат жабдыктарында колдонулуучу кийиз жана башкалар. Кийизден калпак жана башкалар да жасалат. Кийиздин табигый түсү ак, кара, боз, күрөң, ала. Кийизден орнамент жасоонун ыкмалары көп: бир түстөгү кийизге түрдүү түстөгү тери, кездеме жана башкалар бөлүкчөлөр жабыштырыла тигилет, түстүү жиптер менен кештеленет, боёлот. Ак кийиз бир катар ыйык жөрөлгөлөрдө колдонулган: ак кийизге салып хан көтөрүлгөн, жаңы үйлөнгөндөрдү олтургузушкан. Кийиз күз айларынын баш ченинде туугандардын, кошуналардын жардамы менен жасалган, баштаарда жана бүткөндө атайын тамак берилген. Кийиз жасоо көчмөндөрдүн дүйнөлүк жалпы маданиятка кошкон салымдарынын бири. Кийизден жасалган буюмдар көчмөндөрдөн отурукташкан элдерге да тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]