Кийиз буюмдар

Википедия дан

Кийиз буюмдар — кийизден жасалып, турмуш-тиричиликте колдонулуучу ар кандай буюм-тайымдар. Кийиз буюмдар байыртадан эле пайдаланылып келген. Кийиз буюмдарына боз үйдүн тутуусу (үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш), токулга (тердик, ичмек, ком, чом, желдик), кийим-кечек (кементай, калпак, чокой, кийиз байпак, доолдай, белдемчи), төшөнчү жана ар түрдүү буюмдар [ала кийиз, шырдак, туш кийиз, өрө кийиз, аяк кап, табак кап, текче, күзгү кап, самын кап, уук учтук, сал аяк (үзөңгү баштык), үртүк, кийиз кап, куржун, баштык, сувенирлер ж. б.] кирип, учурда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]