Кийим катмай

Википедия дан

Кийим катмай - балдар жеңил-желпи кийимдерин катып ойной турган оюн. Тутум боюнча балдардын тобу бир баланын кийимин тегеректеп турушкан же олтурушкан. Ортодо турган кийими катылган бала оюндагыларды тегерете бир сыйра карап чыгып, алардын сырткы көрүнүш кебетесинен, көз карашынан кийим кимде экенин тапканга чейин ортодо күлкү болуп тура берген. Баамчыл, байкагыч, кыраакы балдар кийим кимде экенин бат эле табат. Катылган кийим кимден чыкса, ал ортого чыгат да, анын бир кийими катылып, оюн улантыла берет. Кийим катыларда ортодогу бала алаканы менен көзүн жаап турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]