Килиманжаро
Килиманжаро (суахили тилинде – суук кудайынын тоосу; башка маалымат боюнча жаркыраган тоо) – дүйнөдөгү эң ири жанар тоолордун бири; Танзанияда (Чыгыш Африкада). Аянты 388,5 миң га. Бийиктиги 5895 м (Африканын эң бийик жери). Килиманжаро өчкөн 3 жанар тоодон (Кибо – 5895 м, Мавензи – 5355 м, Шира – 4006 м) турат. Ал негизинен трахибазальт жана фонолит тектеринен түзүлгөн. Нымдуу түштүк жана түштүк-батыш капталдарына жылына (3100 м бийикте) 1000ден 3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Килиманжаронун этегинен 1000 м бийикке чейин саванна, андан жогору кофе, банан плантациялары (1000–1800 м), эпифит жана папоротниктер аралаш тоо гилеясы (1800–3100 м), 4200 мге чейин тропиктик бийик тоо өсүмдүктөрү (парамос), ксерофиттүү жаздык сымал дан өсүмдүктөрү (4200–4800 м) жана лава талаалары ээлейт. Чокулары мөңгүлүү. Килиманжаро улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9