Килкилдек

Википедия дан
Килкилдек
Тамактын улуттук ашканасы:

Француз ашканасы
Украин ашканасы
Latvian cuisine
Lithuanian cuisine
Belarusian cuisine
Estonian cuisine и Орус ашканасы

Курамы
Негизги курамы:

Уй эти и Чочко эти

Aspics
Килкилдек

Килкилдек – уйдун баш, шыйрагынан жасалуучу тамак. Уйдун куйкаланган даяр баш этин шылып алып, шыйрагын бузуп, муздак сууга салып, азыраак отко бүлкүлдөтүп, эзилте (сөөктөн эт ажыраганга чейин) бышырат. Быша жаздап калганда, даамына жараша коруш (тууралган сабиз, пияз, сарымсак, туз, калемпир, мурч, лавр жалбырагы, ашкөк) кошот. Бышкандан кийин үстүндөгү майын калпып алып, этти чыгарат. Сөөгүнөн шылынган куйкумду майда туурап, чыпкаланган сорпого салып, дагы бир аз кайнатат да, суутуп, кыя кесилген жумуртка кошуп, калыптарга куят.

Даярдоо ыкмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шыйрак жана эт менен

Керектелүүчү азыктар:

  • Уйдун шыйрагы – 1 даана
  • Уй эти – 200 грамм
  • Сарымсак – 3 тишче
  • Лавр жалбырагы – 2 даана
  • Тоголок кара мурч – 10 даана
  • Пияз – 1-2 баш
  • Сабиз – 1 даана
  • Укроп – каалоого жараша
  • Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы: Шыйракты жууп-тазалап, муздак сууга 3-4 саатка салып коёбуз. Андан соӊ чайкап, идишке салып, үстүнө муздак суу куюп, жай отто 5-6 саат кайнатабыз. Суу этти 7-8 сантиметрдей көмүп турушу абзел. Шыйрактын бышарына 1 саат калганда сулп этти, туз, мурч, лавр жалбырагын, сабиз менен пиязды бүтүн салабыз. Бышкандан кийин шорпонун үстүндөгү майын калпып алып, лавр жалбырагын, пиязды, сарымсакты алып салабыз. Шорпону чыпкалап, этти сөөгүнөн бөлүп, майда туурайбыз. Анан шорпого кайра салып, 10-15 мүнөт кайнатабыз. Сабизди идиштин формасына жараша тегерекче же жарым тегерекче туураган оӊ. Эми килкилдекти тоӊдуруш үчүн бир нече майда идиш керектелет. Идиш кооз формада болсо, килкилдекти башка идишке которуп салганда да формасы сакталып кооз көрүнөт. Андыктан кээ бир кожойкелер кумшекер салгычтарды пайдаланышат. Идишке алгач сабизди тизип, үстүнө тууралган этти салып, шорпону куябыз да, муздак жерге коё турабыз. Анан муздаткычка салып тоӊдурабыз. Тарелкага которуш үчүн килкилдек тоӊдурулган идишти ысык сууга бир аз кармап туруп көмкөргөн туура. Анан килкилдектин бетин укроп менен кооздоп коёбуз. Эскертүү: Кааласаӊыз, килкилдекти кооздоого сууга бышкан жумуртканы, консерваланган көк буурчакты (горошек) да колдонсоӊуз болот.

Уйдун тили менен

Керектелүүчү азыктар:

  • Уйдун тили – 1 даана
  • Пияз – 1 даана
  • Сабиз – 1 даана
  • Лавр жалбырагы – 2 даана
  • Лимон ширеси – 1 аш кашык
  • Туз – татымына жараша
  • Кооздогонго:
  • Лимон – 1 даана
  • Эскертүү: Кааласаӊыз, кооздогонго лимондон тышкары анардын даны, бадыраӊдын кесимдери да жарайт.

Даярдоо ыкмасы: Тилди идишке салып, үстүнө 5 сантиметр көмгөндөй суу куюп отко коёсуз. Кайнап чыкканда сууну төгүп, тилди сууга дагы бир ирет жууйсуз. Эми идишке тилди салып, үстүнө суу куюп, пиязды, лавр жалбырагын салып отко коюӊуз. 2-2,5 саат кайнаганда туз менен сабизди салыӊыз. Бышканда тилди чыгарып муздатасыз. Тилдин үстүнкү катмарындагы терисин сыйрып, калганын калыӊдыгы 0,5 сантиметрден кылып туураӊыз. Эми сабизди, лимонду гүлгө окшотуп кооздоп туураӊыз. Ал эми шорпону чыпкалап, ага лимон ширесин кошосуз. Аягында тарелкаларга тилдин кесимдерин салып, ортолоруна лимон кесимин, четтерине сабизди коюп кооздоӊуз. Анан кашык менен шорподон аздан куюп, тарелкаларды муздаткычка 20-30 мүнөт коё туруӊуз. Бул кооздолгон жашылчалар ордуларынан жылып кетпей, шорпо менен кошо катып калуусу үчүн керек. Анан чыгарып, үстүлөрүнө шорподон дагы куюп, кайра муздаткычка биротоло тоӊгуча салыӊыз.

Тооктун эти менен

Керектелүүчү азыктар:

  • Тоок – 1 даана
  • Сабиз – 2 даана
  • Пияз – 1 даана
  • Сарымсак – 3-4 тишче
  • Жумуртка – 2 даана
  • Лавр жалбырагы – 1-2 даана
  • Петрушка – 3-4 тал
  • Туз, тоголок кара мурч – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы: Тооктун терисин сыйрып, этти мискейге салып, үстүнө сууну куюп, отко коюу кажет. Суу этти 5 сантиметр көмүп тургудай болсун. Суу кайнап чыкканда отту азайтып, 4 сааттай кайнатабыз. Бул убакта суунун жарымы соолуйт. Ошондо сарымсакты, пиязды кошуп, дагы 30 мүнөт кайната түшөсүз. Эми шорпого тузду, тоголок кара мурчту кошуп, отко дагы 20 мүнөт кармаӊыз. Анан сабизди кошуп, 10 мүнөт кайнатасыз. Бул кезде жумуртканы сууга бышырып, кабыгын аарчыйсыз. Шорподогу сабизди чыгарып, түркүн формада же жөн гана тегерекче кылып кесиӊиз. Сарымсакты тазалап, кесек туурайсыз. Эми шорпону чыпкалап алып, муздатабыз. Этти сөөктөрдөн ажыратып, майдалап туурайбыз. Идишке этти тегиз жайгаштырып, үстүн жарым тегерек кесилген жумурткалар, сабиз, петрушка, сарымсак менен кооздойбуз. Булардын үстүнө шорпону этияттап куюп, муздаткычка салабыз.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]