Киль тынчтык келишимдери

Википедия дан

Киль тынчтык келишимдери (1814) - 1814-ж. 14-январда Киль шаарында Дания (наполеондук Франциянын союздашы) менен Улуу Британия жана Швециянын ортосунда согуштун бүтүшүнө байланыштуу түзүлгөн келишимдер.

Швеция-Дания келишими боюнча Дания Швецияга Норвегияны берип, анын ордуна швециялык Померанияны (Штральзунддан башкасын), Рюген аралын жана акчалай компенсация алган. Дания-Улуу Британия келишими боюнча Британия басып алган жерлерин (Гельголанд аралынан башкасын) Данияга кайрып берген. Улуу Британия Штральзунд аралын 20 жыл мөөнөткө товар базасы катары пайдаланууга жана Англия менен Швециянын эч кандай чектөөсүз соода жүргүзүүсүнө укук алган. Киль тынчтык келишимдери боюнча Дания наполеондук Францияга каршы согушка катышууга милдеттенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.