Кимберлит

Википедия дан

Кимберлит (Түштүк Африкадагы Кимберли шаарынан табылган жана анын атынан аталган) – курамында алмаз кристаллдары бар ультранегиздүү магма теги. Негизинен оливин (60%), кальцит (14%), флогопит (13%), пироп жана диопсид (6%), апатит, перовскит минералдары (7%) кездешет. Өзгөрүлбөгөнү көгүш кара түстө, өтө нык, брекчия сымал. Магмадан көтөрүлүп чыккан газдардын жарылуусунан келип чыгат. Боштуктарды, көңдөйлөрдү толтурат. Мындай боштуктар Кимберлит түтүгү деп аталат. Түтүк тегерек түспөлдө болуп, диаметри 25–800 мге жетет. Утур тереңдеген сайын ичкерип отуруп дайкага айланат. Кимберлит жер кыртышынын терең бөлүгүндө пайда болуп, жегич-ультранегиздүү курамы жана мүнөздөлөт. Тоо тектердин лампрофирлер тобуна кирет, башка тектердин петрохимиялык өзгөчөлүктөрү жана айырмаланат. Курамында титан, алюминий, калий, фосфор, магний, натрий, темир көптүк кылат. Карбонатиттерге караганда стронций жана сейрек кездешүүчү элементтер жокко эсе. Терминди биринчи жолу англис геологу К. Льюис 1887-ж. сунуш кылган. Ал бардык алмаз кездешүүчү жарылуу түтүгүндөгү тоо тектерди Кимберлит деп атаган. Кимберлит – өтө нык, брекчия түрүндөгү тоо тек. Цементи күчтүү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Негизги массасы эң майда порфирлүү, айнек сыяктуу, карбонат-серпентиндүү. Оливин, флогопит, кен таш минералдары, бир аз апатит, клинопироксен кездешет. Микролиттик түзүлүштөн турат. Акцессор түрүндө пироп, хромшпинелид, циркон, алмаз жолугат. Жарылуу түтүгүн пайда кылуучу Кимберлитке брекчия, туф түрүндөгү текстура, дайка, шток, силл, штокверктерди түзүүчү интрузиялык Кимберлитке массивдүү текстура мүнөздүү. Кимберлит порфирлүү структурага ээ. Кимберлит алмаз кени жолугуучу түзүлүш болуп саналат, ошондой эле гранат, оливин, циркон сыяктуу асыл таштар да кездешет. Бардык континенттик жер кыртышында жолугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]