Кимврлер

Википедия дан

Кимврлер — Ютландия жарым аралына алгач отурукташкан герман уруулары. Биздин заманга чейинки 2-кылымдарын аягында кимврлер тевтондор жана амброндор менен бирге түштүктөгү Галлияга чабуул баштап, биздин заманга чейинки 113-жылы Нореяда жеңишке ээ болгон. биздин заманга чейинки 102-жылы Түндүк Италияны дээрлик басып алган, бирок биздин заманга чейинки 101-жылы Лутаций Катул менен Гай Марийдин аскерлери Верцеллынын алдында кимврлерди талкалаганда, кол башчысы Бойорикс өлгөн. Кимврлердин көбү кулдукка сатылган, калгандары түндүккө жер которгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]