Киммерийлер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Киммерийлер — биздин заманга чейинки 8—7-кылымда кыязы Чыгыш Европанын талааларын жердеген көчмөн эл. Аккаддык, антикалык жана Библия булактары боюнча алар биздин заманга чейинки 8—7-кылымда Чыгыш Европа өрөөндөрүн жердеген. Алгач киммерийлер жөнүндө ассирия булактарында эскерилет. 715—714-жылдары Ассирия падышасы Саргон IIнин Урарту падышасы — Рус 1нин жеңишине байланыштуу эскерилет. Асархадондун мезгилинде киммерийлердин 2 тобу белгилүү: биринчи топ Ассириянын чыгыш тарабында (Маннеде), экинчиси батыш тарабында (Кичи Азияда) жайгашкан. 679-жылы Асархаддон Каппадокияда киммерийлер падышасы Теушпуну талкалаган. Лигдамис (акад тилинде Дугдамми) падышанын учурунда 675-жылы киммерийлер Фригияны, 644-жылы Лидияны басып алышкан. 641-жылы Лигдамис өлгөндөн кийин бийлик анын уулу Сандакшатруга өткөн. 620-жылдары Анатолияда скифтердин падышасы Мадий, 7-кылымдын аягында Лидия падышасы Алиатт киммерийлерди талкалаган. Антикалык адабияттарда киммерийлер жөнүндө алгач Гомердин «Одиссеясында» (XI, 14) кездешет. Киммерийлерге таандык археологиялык эстеликтерге Түркиянын Норшун-Тепе, Имирлере, Богазкёй, Сард, Гордиона ж. б. шаарынын аймагындагы байыркы скиф дооруна тиешелүү табылгалар кирет. Буга жараша Чыгыш Европада да киммерийлердин археологиялык эстеликтери скиф эстеликтеринен айырмаланбайт. Киммерийлер менен скифтердин маданияттары бири-бирине жакын болгондуктан, окумуштуулар киммерийлер тили иран тилдер тобуна кирет деп божомолдошот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]