Кимсанов Куштарбек

Википедия дан

Кимсанов Куштарбек - акын жана жазуучу. Кара-Суу районунун Топ-Терек айылында 1977-жылы 15-июнда туулган.

2000-жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун педагогика факультетин, 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын «Мамлекеттик башкаруу» адистигин, «Магистр» академиялык даражасын аяктаган.

2000-жылга чейин Ош жогорку колледжинде лаборант, 2000–2003-жж. Ош шаарындагы №18-гимназия мектебинде башталгыч класстар жана кыргыз тили, адабияты мугалими, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары, 2001–2003-жж. Республикалык «Жаңы муун» гезитинде кабарчы, 2002–2004-жж. «Ош жаңырыгы» гезитинде кабарчы, ошол эле мезгилде Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда лектор, Педагогикалык-маалыматтык «Кеменгер» гезитинин башкы редактору, 2005–2006-жж. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун башкы адиси, 2007–2009-жж. Ош шаардык билим берүү башкармалыгында начальниктин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланып, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын дипломанты болгон.

1999-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белек: Ырлар. – Ош, 1999. – 36 б.

Алиппе салтанаты: Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо. - Ош, 2000. – 40 б.

Тунук сезимдер: Ырлар, аңгемелер. - Ош, 2001. – 70 б.

Жандуу сабак: Методикалык колдонмо/Башталгыч жана кыргыз тили адабияты мугалимдери үчүн. – Ош, 2001. – 112 б.

Сыйкырдуу шакек: Жомоктор. – Ош, 2001. - 52 б.

Көрөңгө: Акыл казынасы, даанышман ойлор. – Ош, 2003. – 104 б.

Рубаилер. – Ош, 2003. - 64 б.

Жүрөктөгү булак: Ырлар, новеллалар. – Б., 2004. – 160 б.

Бийик максат: Ырлар. – Ош, 2005. (авторлош).

Сүйүүгө таазим: Акро ырлар / Махабат дастандары, даанышман ойлор. – Б., 2005. – 120 б.

Адамдардын көңүлү оорубасын: Ырлар, аңгемелер. – Ош, 2005. – 164 б.

Ата-энени кадырлайлы каректей: Ырлар, аңгемелер. – Ош, 2006 – 160 б.

Чейрек кылым: Ырлар, аңгемелер. – Ош, 2007. – 220 б.

Ар кандай: Ырлар, аңгемелер, ойлор. – Ош, 2008. – 104 б.

Жүрөктөгү жарака – 1: Ырлар, аңгемелер. – Ош, 2008. – 220 б.

Арактын азабы: Ырлар, аңгемелер, ойлор. – Ош, 2008. 116 б.

Монофондор: – Ош, 2008. – 70 б.

Адеп, ыйман ырлары. – Ош, 2008. – 96 б.


Башка тилдерде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манин дуням. – Ош, 2007. – 104 б. өзбек тилинде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]