Мазмунга өтүү

Ким Владимир Ильич

Википедия дан

Ким Владимир Ильич [1. 09. 1934-жылы туулган, Россия Советтик Федеративдик Социалистик Республикасы (РСФСР), Владивосток шаары] – ветеринария илимдеринин доктору (1991), профессор (1998). Россиядагы Саратов шаарындагы зооветеринардык институтун (1957), ошол эле жерде аспирантураны (1965) бүтүргөн. РСФСР Чита облусунун Урей МТСинде ветврач, башкы ветврач , Казак ССРинин Целиноград (азыркы Семей) облусунун Есил районунда ветеринардык лабораториянын башчысы (1961–66). Кыргыз ССРинин бруцеллёзго каршы экспедициясынын башчысы (1976–85), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Биохимия жана физиология институтунда лаборатория башчысы (1967–76), 1985–2006-жылдары Кыргыз ветеринария Илимий Изилдөө институтунда бөлүм башчы. 2006-жылдан Россия Федерациясында жашайт. Ветеринария микробиология, вирусология, эпизоотология илимдери боюнча адис. 130дөн ашык илимий эмгектин, 2 монографиянын, 15 ойлоп табуу күбөлүгүнүн автору. Эмгектери: Инструкция о мероприятиях по профилактике и ликвидации бруцеллёза животных (в соавторстве). М., 1982; Наставление по диагностике бруцеллёза (в соавторстве). М., 1982.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]