Ким Ир Сен

Википедия дан

Ким Ир Сен, Ким Сон Чжу (15. 4. 1912, Пхеньянга жакын Мангёндэ кыштагы — 8. 7. 1994, Мёхянсан, сөөгү салынган саркофаг Пхеньяндагы резиденциясына орнотулган) — Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР мамлекеттик жана саясий ишмери; Түндүк Корея мамлекетинин негиздөөчүсү. КЭДР маршалы (1953). 3 жолку КЭДР Баатыры (1958, 1972, 1987). 1926-жылы Гирин шаарында орто мектепте окуп жүргөндө эле комсомолдук жашыруун уюмга кирип, окуучулардын революциялык кыймылын башкарган. 1929-жылы революциялык иши үчүн камалып, андан бошогондон кийин (1930) Гиринде комсомолдун округдук комитетинин секретары болгон. 1931-жылы Кытай КПнин катарына өткөн. 1932-жылы апрелде Кореянын партизан отрядын уюштурган, кийин ал элдик революциялык армияга айланып, К. И. Сендин жетекчилиги менен Түндүк-Чыгыш Кытайда жана Кореянын түндүк аймактарында япон баскынчыларына каршы активдүү күрөшкөн. Корея бошотулгандан кийин К. И. С. Корея КП Түндүк кореялык Уюштуруу бюросунун 1-секретары (1945), Түндүк Корея Убактылуу элдик комитетинин (1946), Түндүк Корея Демократиялык улуттук биримдик фронтунун БКсынын (1946—49), Түндүк Корея Элдик комитетинин төрагасы (1947, февраль — 1948, сентябрь). КЭДР министрлер кабинетинин төрагасы (1948, сентябрь — 1972, декабрь). 1972-жылы КЭДРдин жаңы конституциясы кабыл алынганда президенттикке шайланган (1972—94). 1966-жылдан КЭП БКнын Генералдык секретары. Эки Ленин, Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]