Кингстон-Апон-Халл

Википедия дан

Кингстон-Апон-Халл, Xалл, Гулль —Улуу Британиянын чыгыш бөлүгүндөгү шаар, Англияда; унитардык түзүлүш статусуна ээ (1996). Калкы 261,0 миң (2009). Лондон менен темир жолу аркылуу түздөн-түз, Ливерпуль, Манчестер жана Лидс ж. б. ири шаарлар менен автомагистралдар аркылуу, Хамбер дарыясындагы көпүрө менен Англиянын түштүгүндөгү шаарлар менен байланышат. Ири деңиз порту (2005-жылы 13,4 млн тонна жүк ташылган). Роттердам (Нидерланд) жана Зебрюгге (Бельгия) шаары менен үзгүлтүксүз паром аркылуу байланышат. Эл аралык аэропорттору (Хамберсайд, шаардан 32 км; Робин Гуд, 77 км) бар. Шаардын бир топ бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн тургандыктан, суу каптоого (2007, турак үйлөрдүн 20%и) учурап турат. 12-кылымдарын аягында кечилдер негиздеген. 20-кылымда ири деңиз соода борбору жана дүйнөдөгү балык кармоочу ири порттордун бири. Готика стилиндеги Ыйык Троица чиркөөсү (1300), чеп-цитадель (1514), шаардык грамматика мектеби (1583), Уильям Шнүн монументи (1734) сакталган. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Жыгаччылык, тамак-аш (ун, май) өнөр жай, «British Petroleum» (уксус кислотасы, ацетон, этилацетат ж. б.), «Smith & Nephew» (медициналык технология жана материалдар, ортопедия техникалары), «Seven Seas» [азыктүлүк, балык (тресканын боорунан) майы жана анын негизинде витаминдер] ж. б. ишканалары иштеп, лак, сыр, туристтер үчүн авточиркегич жана карапа буюмдары чыгарылат. Университеттер (анын ичинде медициналык колледж), музейлер (анын ичинде тарых, транспорт, деңиз ж. б.), сүрөт галереясы (1927), англиялык филантроп У. Уилберфорстун үйү (2007-жылдан музей), 3 ири театр, дүйнөдөгү жана Европадагы эң ири океанариум бар. Жыл сайын жармаңкелер жана фестивалдар (адабият, деңиз, рок музыка жана комедия жанрлары боюнча) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]