Киндик кесүү сүйүнчүлөө

Википедия дан

Киндик кесүү жана сүйүнчүлөө
Жарык дүйнөгө келген наристе баркырап ыйлап түшкөн. Элдик ишеним аны түйшүккө келдим деп ыйлап түштү деп түшүндүрөт. Бирок, туулганда ыйлабай түшкөн бала же чарчап каларын, же ден соолугу начар, майып болуп каларына адамдар көп күбө болушкан. Андыктан баланын ыйлап түшүшү-бул анын ден соолугунун мыктылыгынан, өмүр сүрүүгө жөндөмдүүлүгүнүн белгиси катары каралган. Жаш бала төрөлөндө муштумун бекем түйүп түшөт, аны кыргыздар адам баласынын тубаса ачкөздүгү деп түшүндүрүшкөн. Ар бир адам төрөлгөндө “Бүт дүйнө меники” деп муштумун түйүп төрөлүп, өлгөндө “бул дүйнөдөн эч нерсе албадым” деп алаканын жайып өлөт экен Бул көрүнүштүн чыныгы себебин азыр медицинадан кабары бар ар бир адам билет, бирок биз үчүн баарынан мурда жогорудагы ишенимдин философиялык мааниси баалуу. Ал адамдарга бул дүйнөдө эч ким бийлик менен байлыктын түбүнө жетпегенин эскертип турат. Баланын киндиги курч устара менен кесилип, анан курмушу күйгүзүп басышкан. Киндикти кескен аял “киндик эне” аталып, бала ага карата өмүрү өткөнчө сый-урматын көрсөткөн. Жарык дүйнөгө келган бала “Жети энем бар” деп жерге түшөт экен. Өз энеси, чоң энеси, таенеси, аяш энеси, кайненеси, өкүл энеси, киндик энеси болот. Мындай энеге кой же козу улак жетелетип, кездеме же көйнөк берип, чепкен жаап кыскасы, ар ким колунда бар жолдугун жасаган. Киндикти жана баланын тонун жашыруун, адам баспай турган жерге же очоктун четине көмүп коюшкан. Тонду төрөгөн аялдын эң жакын тууганына берип, ал бир жерге жашырып көмгөн. Эгер төрөгөн келинге жамандык келгиси келген бирөө тон көмүлгөн жерди аңдып көрүп алып, аны казып чыгып кара ташка кургатса келин кийин төрөбөй калат дешкен. Айрым бир маалыматтар боюнча, баланын тонун итке салып беришкен, бул аркылуу “жаны иттей бекем болсун” же “иттей көп балалуу болсун” деген сыяктуу ырымдар аткарылган.
Маалымат булагы: Мурзакметов.А «Ырым жырымдар