Киндик эне

Википедия дан

Киндик эне - төрөтүүгө катышып, баланы жерден алып, киндигин кескен аял. Бардык элдерде төрөтүүчү аялдарга чоң роль таандык. Балдарды төрөп жаткан аялдын ден-соолугу, ал турсун өмүрү аталган аялдардын иш билгилигине жараша болгон түрк элдеринде жаңы төрөлгөн бала жерден алып, киндигин кескен аялдын мүнөзүн тартат деген ишеним бар, ошондуктан мүнөзү боюнча өзүнө жаккан аялдарды тандашкан. Киндик эне 2-3 күн бала менен энесинин жанында болгон. Балага кийим даярдайт, ал үчүн баланын ата-энесинен сый көрөт. Баланын төрөлүшүнө байланыш- туу союлган койдун терисин, төш этин киндик энеге беришкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]