Кинематика

Википедия дан

Кинематика (грекче kinematos — кыймыл) — механиканын бөлүмү; мында нерсенин кыймылынын геометриялык касиеттери нерсенин массасын жана ага аракеттенүүчү күчтү эсепке албай эле изилденет. Кинематикада ар кандай объектилердин кыймылы башка нерсеге (эсептөө тутумунун) башталышына салыштырылып изилденет. Кинематика нерсе менен эсептөө тутумун баштоону [х, у, z окторун] байланыштырып, ар кандай убакытта кыймылдаган нерсенин касиеттерине жараша: 1) чекиттин жана катуу заттын кинематикасы; 2) деформациялануучу бөлүкчөнүн жана үзгүлтүксүз чөйрөнүн (катуу заттын, суюктуктун, газдын) кинематикасы болуп бөлүнөт. Кинематика берилген эсептөө тутумун баштоодо салыштырмалуу чекиттин же нерсенин кыймылын математикалык теңдемелердин, графиктердин жардамы менен туюнтуп, кыймылдын траекториясын, ылдамдыгын, ылдамдануусун ж. б. физикалык чоңдуктарын аныктайт; чекиттин жана нерсенин кыймылынын теңдемеси же графиги, таблицасы белгилүү болсо, анын кыймыл мыйзамы белгилүү болот. Алга жылуу кыймылынын мыйзамы S= f(t) теңдемеси менен берилет, мында S — аралык, t — убакыт. Кыймылдагы нерсенин негизги кинематикалык чоңдуктары ылдамдык жана ылдамдануу. Айлануу кыймылында нерсенин абалы айлануу бурчу менен аныкталып, кыймыл мыйзамы теңдеме түрүндө берилет. Бирөө шарт боюнча кыймылсыз, экинчиси биринчиге карата белгилүү кыймылда болгон эки же андан көп эсептөө тутумун баштоосу аркылуу аныкталуучу кыймыл чекиттин же нерсенин татаал кыймылы деп аталат. Татаал кыймылдын кинематикасы нерсенин абсолюттук жана салыштырма кыймылдарынын мүнөздөмөлөрү менен эсептөө тутумун баштоо кыймыл мүнөздөмөлөрүнүн ортосундагы көз карандылыктарды аныктайт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]