Кинематография

Википедия дан

Кинематография (грекче kinema — кыймыл жана ...графия) — бул кинофильм илими же искусствосу, ал кыймылдагы сүрөттү жарыкты же башка электромагниттик нурданууну жазуу аркылуу же сүрөттөлүштүн берилишин электрондук датчик менен же пленка сыяктуу жарыкты сезген материалдын жардамын колдонгон химиялык жол менен жасайт.

Адатта,обьектив жарыкты көп жолку фокус кылуу үчүн колдонулат, жарыкты сезген камеранын ичине, обьекттерден чагылган жарык келип түшөт да, бир нече сүрөттөрдү пайда кылат. Сүрөттүн электрондук датчигинин жардамы менен ар бир пикселинде электр зарядын чыгарат, ал электрондук жол менен видеофайлда кийинки жолку көрсөтүү үчүн же иштеп чыгуу үчүн сакталып турат. Фотографиялык эмульсиялардын натыйжасында пленкада көрүнбөгөн жашырылган сүрөттөлүштөрдүн сериясы пайда болот, алар кийинчирээк химиялык жактан көзгө көрүнгөн сүрөттөргө айланат. Фильмдин запасындагы сүрөттөлүштөр тез ылдамдык менен чыгып, экранга чагылып, кыймылдын иллюзиясын түзүшөт.

Кинематография илим менен бизнестин көптөгөн жактарында, ошондой эле оюн-зоок максатында жана массалык байланыш тармагында пайдаланылат.

"Кинематография" - гректин κίνημα (kinema) деген сөзүнөн алынган, бул "кыймыл, кыймылдоо" дегенди билгизет жана γράφειν (graphein) деген "жазууну" билгизген сөздөн келип чыгат, бул экөө биригип, "кыймылды жазуу" дегенди түшүндүрөт. Бул сөз киноискусствону, фильмдерди тартуу процессин белгилөө үчүн колдонулган, кийинчирээк анын мааниси "фотографиялык сүрөттөрдүн кыймылы" менен чектелип калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]