Кинесика

Википедия дан

Кинесика ( грекче kinesis - кыймыл) - сүйлөшүүдө вербалдык эмес компонент катары катышкан, кандайдыр бир маанини туюндурган мимикалык жана пантомимикалык кыймылдардын, ымдоо, жаңсоолордун, ишаараттардын, жыйындысы.

Кыргыз тил илиминде (паралингвистика тармагында), о.э. сүйлөшүүнүн теориясы жана семиотикада, тилдик мекен таануу багытында да изилденет. Кинесика синхрондук негизде байыркы сүйлөшүү ишмердигин калыптандыруучу каражат катары мүнөздөөгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4