Кинетикалык көркөм искусство

Википедия дан

Кинетикалык көркөм искусство (грекче kinetikos – кыймылдатуучу) – кыймылдагы конструкциялар жана динамиканын башка элементтерин кеңири колдонгон заманбап көркөм искусстводогу багыт. Кинетизм өз алдынча багыт катары 1950-ж. II жарымында калыптанды. Ага чейин орус конструктивизми, Баухауз, дадаизмде динамикалык пластиканы түзүү боюнча тажрыйбалар жүргүзүлгөн. К. к. и-до кыймыл ар кандай болуп киргизилет. Кээ бир чыгармалар динамикалык жактан көрүүчүнүн өзү тарабынан, башкалары аба чөйрөсүнүн термелүүчү менен өзгөрүп турат. Яков Агам, Хулио ле Парк, Хесус Рафаэль Сотонун чыгармаларында көрүүчүнүн орун алмаштыруусунан оптикалык жактан форма өзгөрөт. Мотор же электромагниттик күчтөр менен кыймылга келтирилген конструкциялар кеңири тараган (жан Тенгли, Такис, Гюнтер Юккер, Поль Бюри). Көп учурда кыймылдын иллюзиясы өзгөрүп туруучу жарыктан пайда болот; бул жерде кинетизм поп-арт менен жакындашат. Кинетизм ыкмалары ярмарка өндүрүш экспозицияларын уюштурганда, аянт, парк, коомдук интерьерлерди жасалгалоодо кеңири колдонулат. Монументалдык мүнөздөгү иштер француз кинетисти Никола Цеффер тарабынан түзүлгөн (Льеждеги конгресс Ак сарайынын фасадын жасалгалоо жана «кибернетикалык мунарасы»). 1960-жылдарда СССРде «Кыймыл» аттуу кинетисттер тобу иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]