Киномектеп
Киномектеп — кинематография боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоочу окуу жайы. 1993-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун алдында Кино жана телекөрсөтүүнүн жогорку мектеби ачылган. Директору — К. Акматалиев. Кыргызстанда айрым тажрыйбалуу киночулардын да мезгил-мезгили менен аракеттенүүчү киномектептери бар, мисалы, режиссёр Э. Абдыжапаровдун киномектеби.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9