Киностудия

Википедия дан

Киностудия — кинофильм чыгаруучу мекеме. Киностудияда сценарий даярдоодон тартылган фильмди бир нече нускага көбөйткөнгө чейинки иш процесси аткарылат. Көркөм, документ, илимий-популярдуу, окуу фильмдерин жана мультипликациялык кинокартиналарды чыгаруучу киностудиялар бар. Киностудиядагы кино тартуучу топ негизги өндүрүштүк бирдик болуп саналат. Сценарий бөлүмү авторлорго сценарий заказ берип, жазылган сценарийди редакциялайт, андан соң адистер актёрлорду тандоо, павильондун жасалгаларын даярдоо өңдүү иштерди бүтүрөт. Документ фильмдердин киностудиясы фильмдин өзгөчөлүгүнө жараша тартуу иштерин жүзөгө ашырат. Мультфильмдер мультипликациялык станоктордо атайын аппараттар менен бир жана көп пландуу болуп тартылат. Белгилүү киностудиялар: «Юнайтед артистс», «Жыйырманчы кылым — Фокс», «Коламбиа пикчерс», «Парамауниверситет» (бардыгы АКШда), «Чинечитта» (Италия), «Мосфильм», «Ленфильм» (экөө тең Россияда).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]