Кинотехника

Википедия дан

Кинотехника — техниканын кинофильмдерди чыгаруу, көбөйтүү жана көрсөтүү каражаттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. Сүрөт тартуучу жана көрсөтүүчү алгачкы аппаратты 1895-жылы франциялык ойлоп тапкычтар Луи жана Огюст Люмерлер жасашкан. Ал аппарат «кинематограф» (грекче kinema — кыймыл жана ...графия — жазуу, б. а. кыймылды жазуу) деп аталган. Бул аппараттын негизинде 1895-жылы Парижде эң биринчи кинотеатр ачылган. Кийин көп мамлекеттерде ар кандай конструкциядагы тартуучу, көрсөтүүчү киноаппараттар пайда болуп, 1896-жылдан Франция, Англия, Россия, Бельгия, Германия ж. б. өлкөлөрдө кино көрсөтүлө баштаган. Алгачкы фильмдер үнсүз, түссүз жана көлөмсүз тартылган. 1929-жылы Советтер Союзунда А. Шорин, П. Тагер жана В. Охотников биринчи жолу кинону үндөштүргөн. Биринчи кинотеатр ачылгандан кийин кинематография өркүндөтүлүп, көп жетишкендиктерге ээ болгон. Фильмдер үндүү, түстүү, кең экрандуу, кең форматтуу, стереофондуу, вариоскоптуу жана айланма панорамалуу тартыла баштаган. Кино чыгарууда жана көрсөтүүдө ар түрдүү аппараттар колдонулат. Аларга кино тартуучу, үн жазуучу, плёнканы иштетип чыгаруучу, кинофильмдерди басуучу, көрсөтүүчү ж. б. аппараттар кирет. Кино тартуучу аппараттар ар түрдүү конструкцияда түзүлөт. Алар көрүнүштөрдү (сүрөттөрдү) биринин артынан бирин улай тартып, аларды өз убагында плёнкага түшүрүп калууга ылайыкташтырылат. Бир секундда тартылуучу кадрлардын саны кино тартуунун тездиги деп аталат. Азыр кинотехниканы үзгүлтүксүз өркүндөтүү — сүрөттү көрсөтүүнүн жана үндү угузуунун сапатын жакшыртуу, жарыкка өтө сезгич киноплёнкаларды түзүү, оптикалык басуу методу менен фильмди бир форматтан башка форматка өткөрүп, көчүрүүчү жабдууларды жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. 1990-жылдардан негизинен видеокамера колдонула баштады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]