Кинофильм чыгаруу

Википедия дан

Кинофильм чыгаруу — тартылган кинофильмдин көчүрмөлөрүн массалык түрдө көбөйтүү процесси. Азыркы кинофильм чыгаруу — адабий чыгармачылык иш жана татаал процесс. Ага ар түрдүү адистеги кызматкерлер катышып, искусствонун көп түрлөрү — адабият, музыка, живопись, архитектура ж. б. пайдаланылат. Кинофильм чыгаруунун технологиясы адабий сценарийди даярдоодон тартып, кинофильмди элге көрсөтүүгө чейинки ырааттуу жана бири-бирине байланыштуу чыгармачыл жана техникалык этаптардан түзүлөт. Кинофильм чыгаруунун бүткүл стадиясы негизги эки мезгилге бөлүнөт: даярдык көрүү жана өндүрүш процесстери. Даярдык көрүү мезгилинде келечектеги фильмдин так долбоору түзүлүп, уюштуруу-чыгармачылык жана техникалык иштер жүргүзүлөт; режиссёрдук сценарий жазылат, декорациянын жана кийимдердин эскиздери жасалат, фильм тартууга орун жана ролдорду аткаруучу актёрлор тандалат; фильм тартуунун календардык планы жана чыгымдардын сметасы түзүлөт. Өндүрүш мезгили фильм тартууга камылга көрүүдөн башталып, актёрлор менен репетиция өткөрүү, керектүү декорацияларды куруу, мебелди, реквизитти, кийме чачты ж. б. даярдоо, кино тартуучу, үн жазуучу, жарык кылуучу аппаратураларды камдоо иштери жүргүзүлөт. Киного тартуу иштери — бүткүл процесстин эң жооптуу мезгили. Ал негизги үч түргө: павильондо жана киностудия аянтында, киноэкспедицияда тартуу жана айкалыштырып тартуу болуп бөлүнөт. Булардын бардыгында ар бир кадр түрдүү вариантта эки же бир нече жолу (дубль) тартылып алынат. Коюучу режиссёрдун жетекчилиги менен кадрлардын мыктысы тандалып алынып кураштырылат. Анда фильмдин сүрөтү менен үн жазылган фонограмма тандалып жабыштырылат да, сүрөттүн көрүнүшү менен үндүн угулушу бири-бири менен туура келтирилет. Кинофильм толук кураштырылып бүтүп, сүрөтү менен фонограммасы бекилгенден кийин фильмдин негативи кураштырылат. Фильмдин негативи фильмдин көчүрмөлөрүн массалык түрдө ала турган алгачкы материал болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]