Кино үйү

Википедия дан

Кино үйү — конференция, кеңешме, кинофильмдерди көрсөтүү, чыгармачыл кечелерди уюштуруу, жолугушуулар өткөрүлүүчү кино искусство ишмерлеринин клубу. 1930-жылы Ленинградда, 1934-жылы Москвада ачылган, кийинчерээк Киев, Тбилиси, Баку, Ташкент, Алма-Ата, Рига ж. б. шаарларда түзүлгөн. Кино үйүнүн ишин кино жагында инженердик-техникалык кесиптеги, чыгармачыл өкүлдөрдөн турган кеңеш жетектеген. Москвадагы алгачкы кино үйүнүн кеңешинин төрагасы А. П. Довженко болгон. Кино үйү СССР киностудиялары жана союздук республикалардын киностудияларынын жетекчилиги менен иштеген. Кыргызстанда кино үйү 1967-жылдан иштей баштаган, 2003-жылы Ч. Айтматовдун ысмы берилип, «Айтматовдун ак өргөөсү» аттуу бөлмө ачылган. Кино үйүндө Кинематографисттер союзу менен Кинематография департаменти жайгашкан. Кино үйүнүн директорлору: Э. Борбиев, А. Секимов, А. Мураталиев, П. Борбиева, Т. Кулмендеев, Ч. Камчыбекова, 2012-жылдан А. Абдыкадырова.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]