Киото

Википедия дан
Киото.

Киото Япониядагы шаар. Хонсю аралында жайгашкан. Киото префектурасынын административдик борбору. Калкы 1,5 млн (2009). Жол тоому. Киото аркылуу «Синка сен» жогорку ылдамдык темир жолунун «Токайда — Санъё» (Токио — Фукуока) линиясы жана «Мейсин» (Нагоя—Нисиномия) автострадасы өтөт. Метрополитен (1981).

Кинкакудзи («Алтын храм»).

Киото 792—94-жылдары курулган; 794—1192-жылдары Хэйан аталган. 1868-жылга чейин Япониянын борбору болгон; императордун резиденциясы. 1956-жылдан шаар статусуна ээ. Салттуу көөнө көркөм кол өнөрчүлүк (лакталган жана коло буюмдар, фарфор, накта жибек, кооз сайма, диний буюмдар) өндүрүшүнүн борбору. Киотодо бир нече ири банктардын башкы кеңселери, инвестиция-кредит компаниялары жана япониялык өнөр жай фирмаларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде текстиль өндүрүшү үчүн жабдуу, медициналык жана так өлчөөчү аспаптар), түстүү металлургия, электр-техникалык, электроника, химиялык, фармацевтика, полигр., тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Японияда жогорку окуу жайлардын саны боюнча Токиодон кийинки 2-орунда турат. Шаарда 40ка жакын университет (анын ичинде мамлекеттик эместери да бар) жана колледж, 30дан ашык музей (анын ичинде улуттук, заманбап искусство галереясы), театрлар бар. Ошондой эле 200дөн ашык синтоист чиркөөлөрү жана 1500дөн ашык будда храмдары сакталган. Камигамодзиндзя (11-кылым), Симогамодзиндзя (Камомиоя, 7-кылым) храм комплекси, Тодзи храмы (8—12-кылым), Сайходзи, Тенрюдзи (экөө тең 14-кылым), Кинкакудзи («Алтын храм», 14-кылым), Гинкакудзи («Күмүш храм», 15-кылымдардын аягы) ж. б. храмдар, Ндзёдзё ак сарай комплекси (16—17-кылым) жана Киотого жакын жерде жайгашкан Дайгодзи (874-жылы) Самбони (1115-жылы) монастырлары, Бёдоин будда монастыры (1000-жылы ченде ак сарай катары негизделген; 1052-жылдан монастырь; башкы имараты — «Феникс залы») Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Туризмдин маанилүү борбору (жылына 42 млндон ашык, анын 11 млну түнөп кетет, 2002). Жыл сайын театр фестивалдары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]