Кирешеге салык

Википедия дан

Кирешеге салык - ишкананын (анын филиалдарынын, бөлүмдөрүнүн, өкүлчүлүктөрүнүн ж.б.) кирешесинин бөлүгүн бюджетке алуу формасы;

мында кирешеге салык кармоо ишкананын уюштуруу түзүмүнүн, баш ийүүчүлүк жана менчик формаларына байланышсыз жүргүзүлө берет;

кирешеге салык аларга тиешелүү акциялардын, облигациялардан ж.б. баалуу кагаздардан алынуучу кирешеден, биргелешкен орток ишканалардагы үлүштүк катышуудан, видео көрсөтүүдөн, массалык концерттик оюн-тамаша иш-чараларынан, акча утуштары ыйгарылуучу оюн автоматтарын керектөөдөн, байгелүү оюн аттракциондордон, лотерея өткөрүүлөрдөн түшкөн кирешелерден кармалат.

Кирешеге салык салуунун объектиси жогоруда саналган иш-чаралардан түшкөн акчалар болуп саналат. Мында киреше алууга байланыштуу материалдык чыгымдар, о. э. амортизациялык чегерүүлөр, жарнамага сарптоолор ж.б. такталып эсептен чыгарылат. Салык ченеми иш-чаралардын түрү боюнча жиктелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9