Киринди сүйлөм

Википедия дан

Киринди сүйлөм - булар да киринди сөздөр сыяктуу сүйлөмдүн жалпы маанисине карата сүйлөөчүнүн мамилесин билдирет.

Бирок Киринди сүйлөм түзүлүшү боюнча киринди сөздөн айырмаланат. Анткени ал жөнөкөй сүйлөмдөр сыяктуу эле предикативдик борборго (баш мүчөлөрү же алардын бирөө) ээ. Киринди сүйлөм окшоштуруу, салыштыруу, болжолдоо, күчөтүү, тактоо, өкүнүү, макулдук, ишенич, кеңешүү, өтүнүү, сурануу жана жекече ар кандай мами-лелерди, кошумча модалдык маанилерди сүйлөмгө бөлүү үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4