Киров (шаар)

Википедия дан
Киров.

Киров (1781-жылга чейин Xлынов, 1934-жылга чейин Вятка) — Орусиядагы шаар (1708-жылдан). Киров облусунун административдик борбору. Вятка дарыясындагы порт. Калкы 464,6 миң (2008). Ири автомобиль жана темир жол тоому. Аэропорту бар. Алгач Вятка дарыясынын оң жээгинде жайгашып, Вятка аталган.

Киров.

1489-жылы Россия мамлекетинин курамына кирген. Сибирь (1708—27) жана Казан (1727—80) губернияларындагы шаар. Вятка провинциясынын административдик борбору (1719—80). 19—20-кылымдын башында саясий сүргүн жайы болгон. Кировдо А. И. Герцен, А. Л. Витберг жана Ф. Ф. Павленков, А. И. Герцен сүргүндө болушкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде маанилүү тыл борбору болуп, бул шаарга бир нече ири өнөр жай ишканалары [анын ичинде «Красный инструментальшик» (азыр КРИН аспап) заводу жана Коломна паровоз куруу заводу] эвакуацияланган. Ноговицынск (биздин заманга чейинки 7—3-кылым) жана Чижевск (8—3-кылым) шаар чалдыбарлары, Ыйык-Успенье Трифон эркектер монастырь ансамбли беш башкы Успенье собору менен (1684—89), Благовещенье, Троица чиркөөлөрү, классицизм стилиндеги турак жайлар (18—19-кылым) сакталган. С. Я. Машковцевдин (1792—96), Жмакиндердин (1815) чарбагы, көпөс Я. А. Прозоровдун үйү (1871—72) ж. б. сакталган. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу (анын ичинде станок жана прибор куруу), электр-техникалык, металл иштетүү, микробиология, жыгаччылык, булгаары—бут-кийим («Артэкс»), кебез-кездеме («Вятка-текс»), «Новая Вятка» жыгач такталар комбинаты, тамак-аш («Здрава», «Вятушка»). Чопо оюнчуктар өндүрүшү («Комтех») иштейт. Жети ИИИ (педагогикалык, политехникалык, айыл чарба), ЖОЖдордун филиалдары (финансы-экономикалык жана медициналык), калк китепканалары, музейлер (сүрөт, край таануу, вяткалык көркөм кол өнөрчүлөрдүн, К. Э. Циолковский атындагы авиа жана космонавтика), А. С. Гриндин, М. Е. Салтыков-Щедриндин үй-музейлери, театрлар (драма, куурчак ж. б.), филармония, камералык оркестр бар. Ботаникалык бак жана планетарий уюштурулган. Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер С. М. Кировдун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]