Кирхгоф Густав Роберт

Википедия дан

Кирхгоф Густав Роберт (12.3. 1824, Кёнигсберг — 17. 10. 1887, Берлин) — немец физиги. Берлин Илимдер академиясынын мүчөсү (1874), Петербург Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1862). Кёнигсберг университетин бүткөн (1846). 1875-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Берлин университетинин математика-физика кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Ал оптика, электр-динамика, механика боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Кирхгоф тармакталган электр тизмегинде электр тогунун законун ачкан. Кирхгоф немец химиги Р. В. Бунзен менен бирге спектрдик анализге негиз салган. 1859-жылы жылуулук чыгаруу кубулушунун негизги закондорунун бири — Кирхгоф нурлануу законун ачкан жана физикага абсолюттук кара нерсе түшүнүгүн киргизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]