Кир жуугуч машина
Кир жуугуч — кир буюмдарды механикалык жол менен жуучу машина. 19-кылымдагы алгачкы кир жуугуч түзүлмө жыгачтан жасалып, кир кол менен жуулган. Кийинчерээк электр кыймылдаткычы аркылуу айлануу кыймылына келүүчү барабандан суу ысытуучу жана сыгуучу түзүлмөдөн турган кир жуугуч пайда болгон. Биздин өлкөдө да бир канча типтеги кир жуугуч жасалган. Алардын бири азыркы кезге чейин үй тиричилигинде колдонулуп келаткан «Киргизия» машинасы. Азыркы кездеги кир жуугуч суу кирбөөчү тулкусунун ичинде жайгашкан атайын көзөнөкчөлүү барабандан турат. Барабан жай айланганда, кир жуулуп, ал эми ылдам айланган учурда кир сыгылат. Суу куюлгандан баштап ысытуу, жуу, сыгуу, кургатуу, суу төгүү иштери атайын микропроцессорлордун жардамы менен автоматтык түрдө башкарылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9