Мазмунга өтүү

Кисловодск

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Кисловодск
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөОрусия
Федерация субъектисиСтаврополь крайы
Координаттар43°54′12″ с. ш. 42°43′28″ в. д.HGЯO
Шаар башчысыМоисеев Евгений Иванович
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1803-жыл
Биринчи белгиленген1803-жыл
Мурунку аталышыорус. слобода Кисловодская, орус. станица Кисловодская
Аянты71,83[1] км²
Борборунун бийиктиги815 м
Климатынын түрүмелүүн континенталдуу
Убакыт аралыгыUTC+04:00
Калкы
Расмий тилиорус тили
Калкы125 931 адам (2025)
Жыштыгы1749,04 адам/км²
АгломерацияКавказ-Минеральные Воды агломерациясы
Улуттук курамыорустар, армяндар, карачайлар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+7 87937
Почта индекси357700
Почта индекстери3577xx
Автоунаа коду26, 126
Сайтыhttp://kislovodsk-kurort.org  (орусча)
Кисловодск (Орусия)

Кисловодск (орус. Кисловодск) — Россиядагы шаар (1830-жылдан). Ставрополь крайынын түштүк-батышында, Чоң Кавказдын түндүк этегинде, Ольховка жана Берёзовка дарыясынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 817—1062 м бийиктикте жайгашкан. Кавказ минералдуу суулар тобунун курамындагы эң ири бальнеологиялык климаттык курорттордун бири. Бир нече санаторий иштейт. Калкы 126 миң (2025). Темир жол станциясы. Автомобиль жолу аркылуу Минеральные Воды шаары менен байланышат. 1803-жылы Кисловодск чеби катары негизделген. 19—20-кылымдын курулуштарынан Кисловодск чеби (1803, 1965-жылдан музей), Ребровдун үйү (1829-жылы A. С. Пушкин келген; 1837-жылы М. Ю. Лермонтов жашаган), живописчи Н. A. Ярошенконун чарбагы(1959-жылдан музей-чарбак; анда орус графиkасы менен живописинин топтому коюлгвн), неготика стилиндеги Нарзан галереясы, павильондор (20-кылымдын башы), дачалар ж. б. сакталган. Тамак-аш – татымал, жеңил эмерек, өнөр жай ишканалары, “Нарзан” минералдуу суусун бөтөлкөгө куюучу завод иштейт. Гуманитардык-техникалык, экономика жана укук институттары (1992), университет (филиал), көргөзмө залы, куурчак театры, цирк бар. Шаарда ага жакын жерде көптөгөн табигый эстеликтер кездешет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]