Мазмунга өтүү

Кислоталуу жаан-чачын

Википедия дан

Кислоталуу жаан-чачын, кычкыл жаан чачын — ашыкча кычкылданган (pH 5,6дан төмөн) жамгыр, кар аралаш жаан; өнөр жай ишканаларынан жана автотранспорттон чыккан таштандыларга (негизинен SO2, NO2, HCI ж. б.) каныгышынан пайда болот. Терминди алгач англиялык химик А. Смит 1970-жылы (Манчестер шаарынын абасынын булгануу деңгээли менен жаан-чачындын кислоталуулугун өз ара байланышын аныктоо аркылуу) сунуштаган. Бирок, кислоталуу жаан-чачындын экологиялык кесепети акыркы он жылдыктарда гана байкалган. Кислоталуу жаан-чачын көлмөлөр менен топуракты кычкылдандырып, балыктардын, суудагы башка организмдердин жоголушуна, токойлордун жакшы өспөй куурап калышына, экосистеманын бузулушуна алып келет. Кислоталуу жаан-чачындарды пайда кылуучу күкүрттүн оксиддерин (SO2, SO3) нефть, көмүр менен иштеген жылуулук электр станциялары жана металлургиялык заводдор, азоттун оксиди (NO) менен диоксидин (NO2) — жылуулук электр станциялары жана автотранспорт, ал эми хлор кислотасын түрдүү табигый жана өндүрүш булактары бөлүп чыгарат. Суюк кислоталуу жаан-чачын Скандинавия өлкөлөрүндө жана Канадада, кургак түрдө АКШнын ортоңку батышында, Чехия менен Словакияда жаайт. Анын өтө кычкыл көрсөткүчү (pH — 2,3) Батыш Европада байкалган. Кислоталуу жаан-чачындан жер астындагы сууларда металлдардын (коргошун, жез, цинк ж. б.) өлчөмү көбөйүп, тамыр аркылуу өсүмдүктөргө өтүп, аларды уулантып, көбүнчө кууратып салат. Адамдын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип, өсүмдүктөргө, жандыктарга ошондой эле имарат менен архитектуралык эстеликтерге зыян тийгизет. Атмосферасы SO2 менен өтө булганган өлкөлөргө — Финляндия, Люксембург, Чехия, Венгрия, Канада кирет. Кислоталуу жаан-чачын акыркы жылдары орчундуу көйгөйгө айланып, ааламдык мүнөзгө ээ болууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]