Китеп уурусу

Википедия дан
Китеп ууру‎»‎ барагынан багытталды)
Китеп уурусу
Жазуучу Маркус Зусак
Нукура аталышы The Book Thief
Өлкөсү  Австралия
Тили англис, немис
Басмакана Picador
Чыккан жылы 2006
Кыргызча чыккан жылы 2022 (Асман басма үйү)

Китеп уурусу (англ. The Book Thief) — австралиялык жазуучу Маркус Зусактын 2005-жылы чыккан тарыхый романы жана анын эң белгилүү эмгеги.

2005-жылы басылып чыккан "Китеп уурусу" эл аралык бестселлерге айланып, бир нече тилдерге которулган. Ал окшош аталыштагы тасмага 2013-жылы ылайыкташтырылган[1][2].

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Китеп уурусу" 10-14 жаштардагы Лизел Мемингердин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германиядагы жашоосун баяндайт. Лизелдин баштан өткөргөн окуясы ошол мезгилдеги жашоонун сулуулугу менен бузулушун сүрөттөгөн Өлүм тарабынан айтылат.

Агасы көз жумгандан кийин Лизел акылдан тайган акыбалда аны асырап ала турган ата-энеси Ханс менен Роза Хуберманн жашаган үйгө барат. Ал жерде жашаган мезгилде Лизел Нацинин үрөй учурган режимине дуушар болуп, аны курчап турган кыйратуучу чөйрөдөн кайгы-капасыз бала кезине барыш үчүн кыйынчылык тартат. Германиядагы саясий абалдын начарлашы менен аны багып алган ата-энеси Макс аттуу жөөт кишини жашырып алышып, үй-бүлөсүн коркунучка кептейт. Лизел менен тыгыз мамилени түптөп алган Ханс ага жашыруун түрдө окууну үйрөтөт. Жазуунун күчүн жана жазылган сөздү бөлүшүүнү таанып билгенден кийин Лизел Наци партиясы жок кыла турган китептерди уурдап эле калбастан, өз окуяларын да жазып, Макс менен биргеликте сөздүн күчүн бөлүшө баштайт[3].

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://insidemovies.ew.com/2013/07/11/the-book-thief-release-date/
  2. https://www.theguardian.com/stage/2022/sep/25/the-book-thief-review-assured-and-courageous-musical-adaptation-of-global-bestseller
  3. Zusak, Markus (2005). The Book Thief. New York: Alfred A. Knopf.