Кичинекей айымдар

Википедия дан

"Кичинекей айымдар" (англ. Little Women) — америкалык жазуучу Луиза Мэй Олкоттун (1832-1888) романы. Романдын түп нускасы эки том менен 1868 жана 1869-жылдары басылган. Олкотт китептерди басмаканачысынын суроо-талабы боюнча бир нече айда жазып койгон. Роман окурмандарды Марчтар үй-бүлөсүндөгү Мег, Жо, Бет жана Эми аттуу төрт эже-сиңдинин окуясына жетелейт. Автордун өзүнө жана үч эже-сиңдисине үстүртөн негизделген окуя төрт кыздын балалык кезинен тарта турмуш курганга чейинки окуяларын ийне-жибине чейин сүрөттөйт.

"Кичинекей айымдар" дароо эле коммерциялык ийгилик жаратып, сынчылардын баасын алган, ал эми окурмандар болсо каармандар жөнүндө көбүрөөк билүүнү талап кылышкан. Олкотт тез эле экинчи томун бүтүрүп койгон (Бириккен Падышалыкта "Жакшы колуктулар" деп аталган жана бул аталыш Олкотт эмес басмаканачыдан чыккан). Ал да ийгиликтүү болгон. Эки том 1880-жылы бир эле чыгарма болуп, "Кичинекей айымдар" деген аталыш менен жарык көргөн.

Олкотт өзүнүн популярдуу чыгармасынын эки уландысын жазып, экөөндө тең Марч эже-сиңдилердин окуялары баяндалган. Алар: "Кичинекей кишилер" (1871) жана "Жонун балдары" (1886). "Кичинекей айымдар" кыздар үчүн жазылган роман болсо да ал учурдагы балдар үчүн жазылган, өзгөчө кыздар үчүн жарык көргөн жазуулардан бир топ эле айырмаланып турган. Роман үч негизги теманы көтөргөн. Алар: үй-бүлөлүк жашоо, иш жана чыныгы сүйүү. Булардын баары бири-бири менен байланыштуу болуп, каармандын жеке өздүгүн табуусу үчүн ар бири маанилүү ролду ойнойт.

"Кичинекей айымдар" романс, же таанып-билүү же болбосо эки максатта тең окулуп келген. Китеп байлыкка караганда изгиликти артык көргөн үй-бүлөлүк драма катары да окулуп келген менен гендердик чектөөлөрдү жакшы билген аялдар тарабынан жашоону буйтап өтүү каражаты катары да пайдаланылган. Сара Элберттин айтымында, Олкотт романтикалык балдардын окуяларын сезимтал романдардагы башка элементтер менен айкалыштырып, таптакыр башка форматтагы адабияттын жаңы түрүн жараткан. Элберт "Кичинекей айымдарда" бардык америкалык кыздын үлгүсү бар жана бир тууган Марч эже-сиңдилерде ар түрдүү аспекттер камтылган деп белгилеген.

Китеп эки жолу үнсүз тасмага жана ошондой эле төрт жолу үндүү тасмага 1933, 1949, 1978 жана 1994-жылдары ылайыкташтырылган. Төрт телесериал тартылып, экөөсү 1950-жылы Британияда, дагы эки аниме сериал 1980-жылы Жапонияда жарык көргөн. Ал эми музыкалык версиясы 2005-жылы Бродвейде ачылган. 1998-жылы америкалык опера версиясы эл аралык деңгээлде аткарылып, 2001-жылы АКШнын телеканалдарында көрсөтүү үчүн тартылып алынган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]