Мазмунга өтүү

Кичи Ак-Суу

Википедия дан
Кичи-Ак-суу.
Кичи-Ак-суу.

Кичи Ак-Суу — Ысык-Көлгө куйган суу. Ысык-Көл районунда. Узундугу 34 км, алабынын аянты 192 км2. Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталынан башталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Алабы карагайлуу. Ири куймалары: Желе-Карагай, Сүттүү-Булак. Алабында 3 көл бар. Негизинен мөңгү, кар жана булактан куралат. Жылдык орточо чыгымы 2,97 м3/сек. Байкалган эң көп чыгымы 31 м3/сек, эң азы 0,22 м3/сек. Апрелде кире баштап, ноябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Семёновка, Кожояр кыштагы жайгашкан. .

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]