Кичи Жетиген

Википедия дан

Кичи жетиген (лат. Ursa Minor) — асмандын түндүк жарым шарындагы уюлга жакын жаркырак жылдыздар тобу. Эң жарык жылдыздары чөмүчкө окшош фигураны түзүп, сабынын учундагы четки жылдызы — Алтын казык, ал дүйнөнүн Түндүк уюлуна жакын жайгашкан. Ошондой эле чөмүчтүн башындагы эки жарык жылдыздын бири Кохаб — Жерден болжол менен 95 жарык жылы аралыкта, экинчиси Ферхад жана анын жандоочусун (Астеризм) куралсыз көз менен көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]