Кишемиш мөңгүсү

Википедия дан

Кишемиш мөңгүсү - Түркстан кырка тоосунун түндүк капталында, Кишемиш суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 9,6 км, аянты 5,8 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5020 м, этеги 3120 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4070 м. Абляциясынын аянты 3,0 км2. Түркстан тибиндеги өрөөн мөңгүлөрүнө кирет. Кийинки мезгилде мөңгү чегинип жаткандыгы байкалууда. Андан Исфаранын оң курамы — Кишемиш суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]