Киште

Википедия дан

Киште — кыргыз элинин эң байыркы оюндарынын бири. "Манас" эпосунда башка элдик оюндардын катарында айтылат:

Бакылдашып ордо атып,

Чатыраш оюн салыптыр,

Кишисинен кырк-элүү

Киштеге кирип калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 308). К. оюну индилердин чатуран, моңголдордун шатар жана шахмат оюндарына окшоштуктары бар. К-нин таштары «кан», «баатыр», «урук» же «урук аксакалы», «төө», «ат-аккула», «мерген» же «мергенчи» «жоокер», же «пияда» деп аталат. Таштардын аталышы жана көчүш эрежелери кыргыз элинин коомдук-экономикалык, маданий турмушу, согуштук стратегия, тактикасына байланыштуу түзүлгөн. К-нин тактасы шахматтын тактасына окшош жасалат. Оюн таштары аттарына ылайыкталып, улуттук оюм-чийим менен кооздолуп, түп жагы шахмат таштарынын түбүндөй учу шоңшогойлонуп жасалат. К. оюнунда канды шахматтагыдай рокировка кылбайт. Матты болсо аттан башка бардык оюн таштары менен коюуга болот. Мергенди болсо эки оюнчу тең оюнду башташкан убакта гана алдындагы көчүшүнөн кийинки экинчи жолго шахмат оюнунда пешканы жүргөндөй эле көчүшөт. Калган учурда көчүш сайын аттан бөлөк бардык оюн таштарын бир жолдон гана көчүү менен мергенди да бир жолго көчүшөт. К-де ат шахмат оюнундагы ат сыяктуу эле көчөт. Канга коркунуч туулса «киш» жарыяланат, башкача айтканда шахматтагыдай шах дебестен киш делет. Оюндун эрежесинде канча коркунуч туулганда эки тарапка тең бир жолу аттын жүрүшүндө качууга жол берилет. К. оюнунда «жүр» деп айтылбастан, «көч» деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4